31.05.2020 12:56

Кыргызстанда белгилүү сүрөтчү  Баатыр Жалиев дүйнө салды

Кыргызстанда белгилүү сүрөтчү  Баатыр Жалиев дүйнө салды

85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды.  Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирип, ага жазылган некрологду жарыялады.

Жалиевдин чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөдөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн "Өнөр жайлуу Ош" (1966), "Ош курулуп жатат" (1972), "Хайдаркан комбинаты", (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү "Тогуз коргоол" (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

Сүрөтчү көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнө таанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында "Сизизм" көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк "мектебин" жараткан. Сүрөтчүнүн эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, "Эмгектеги артыкчылык" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага КР эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

 

Баатыр Жалиевдин тажиясы 2020-жылдын 31-майында Ош шаарында өтөт.